БААУда дармарка жана Eco-Halloween
2&²Բú²õ±è;ноября&²Բú²õ±è;2026

28-октябрда БААУнун форумунда Дармарка жана Eco-Halloween өттү. Иш-чараны БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору “Жашыл айдын” алкагында уюштурду.
Дармарка университеттин салтка айланган иш-чарасына айланып, жылына бир нече жолу өткөрүлүүдө. Бул жолу анын темасы Хэллоуин болду.
Эскерте кетсек, Дармарка – бул ар кандай буюмдар жана китептер менен алмашууга боло турган экологиялык жарманке. Катышуу үчүн эскирбеген, жакшы абалдагы, өзүңүзгө кереги жок каалаган буюмду же китепти алып келиш керек. Анын ордуна жактырган нерсеңизди тандап алууга же символикалык акы төлөп сатып алууга болот. Ошентип, керексиз буюмдар жаңы ээлерин таап, экинчи өмүргө ээ болушат, ал эми катышуучулар өздөрү үчүн кызыктуу жана пайдалуу нерселерди таба алышат. Дармарка учурунда түшкөн бардык каражат кайрымдуулукка жумшалат.
Иш-чаранын алкагында экосистемага жана Хэллоуинге арналган Kahoot! оюну да өткөрүлдү. Викторинанын катышуучулары өз билимдерин сынап көрүшүп, майрамды айлана-чөйрөгө зыян келтирбей кантип белгилөө керектигин билип алышты.
Ошондой эле Eco-Halloween сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Катышуучуларга келечекте кайра иштетүүгө боло турган материалдардан Хэллоуинге костюм жасоо сунушталган. Натыйжада кадимки буюмдардан жасалган жаркыраган жана оригиналдуу образдар пайда болду.
Дагы бир активдүүлүк – “Добросфера” туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү эл аралык изилдөө борборунун жана искусство медиаөндүрүшүнүн катышуусу менен уюштурулган “Бактылуулар” (“Счастливчики”) тест-оюну болду. Бул борбордун командасы тарабынан иштелип чыккан жаңы ата мекендик трансформациялык карта оюну.
Үйгө үй жаныбарын алуу – бул олуттуу жана жооптуу кадам, айрыкча кеп көчөдөн же баш калкалоочу жайдан алынган мышык же ит жөнүндө болуп жатканда. Бул оюн катышуучуларга төрт буттуу дос күтүүгө канчалык даяр экенин жана ага зарыл кам көрө аларын баалоого жардам берет. Ошондой эле оюн түрүндө катышуучулар мышыктарды жана иттерди багуу боюнча пайдалуу маалыматтарды алышат. Бардыгы болуп орус жана англис тилдеринде эки оюн сессиясы өттү.
Дармаркага Таш-Мойнок орто мектебинин окуучулары да катышты. Бул эбак эле жакшы салтка айланган. Балдар мындай иш-чараларга кубаныч менен катышып гана тим болбостон, өз мектебинде экологиялык жарманкелерди уюштуруу үчүн тажрыйба топтойт.
Эгерде кандайдыр бир себептерден улам октябрь айындагы Дармаркага кошула албай калсаңыз, капаланбаңыз: кийинки жарманке декабрь айында өтөт. Буюмдарга жана китептерге экинчи өмүр тартуулоо үчүн буюмдарды даярдай баштоого эң сонун убакыт!
Ìý








